МЕТАЛЛ ДЕФЕКТИЛЕРИ (МАНДЕМИ): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕТАЛЛ ДЕФЕКТИЛЕРИ (МАНДЕМИ) - металлдардын химиялык курамы, түзүлүшү, бүтүндү­гү, механикалык ж. б. касиеттеринин техникалык жактан ка­ралган белгилүү сапатынан четтеши. М. д. (м.) алардын физикалык, химиялык касиеттерин, мисалы, электр өткөргүчтүгүн жана магнит өткөрүмдүүлүгүн, бе­кемдигин, тыгыздыгын, ийкемдүүлүгүн төмөндө­төт. М. д. (м.) атом масштабында, мисалы, крис­талл дислокациялары, вакансиялар ж. б; ан­дан ирирээги - кристалл блокторунун чегинде жана анын бетинде пайда болуучу субмикроскоп­тук жаракалар; андан да ирилери металл тех­нологиясы жеткиликтүү өркүндөтүлбөгөндүктөн жана көп компоненттүү куйманын технол. касие­тинин төмөндүгүнөн пайда болуп, металлдын бүтүндүгү же бир тектүүлүгү бузулгандан бол­гон микро­жана макроскопиялык болуп бөлүнөт. Металл буюмдагы жана чала фабрикаттагы ке­легейлер өлчөмү, жайгашуусу, жаратылышы боюнча бири биринен айырмаланат. Алар металл эритүүдө, куйма алууда, басым менен иштетүүдө, термиялык, химия-термиялык, электр-химиялык жана механикалык иштетүүдө, ширетүүдө, кандоодо, ка­доодо пайда болот. Металлда мындай кемчилик­ти болтурбай, сапаттуу металл алуу үчүн ме­талл технологиясын жакшыртуу жана металл са­патын текшерүү ыкмаларын өркүндөтүү керек. Металлдын сапаты химиялык, спектрдик, рентген структуралык анализ жана металлогр. анализ­дер менен текшерилет.

Ад.: Чернышов Е. А. Дефекты отливок и меры их предупреждения и исправления. Н. Новгород, 2002.