МЕСОПОТАМИЯ ОЙДУҢУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕСОПОТАМИЯ ОЙДУҢУ, Кошөзөн ор­т о с у негизинен Ирактын, ошондой эле Иран, Сирия жана Кувейттин аймагында. Тоо этегиндеги ийи­лүүдөн, Тигр, Евфрат жана Карун д-нын өрөөнүнөн орун алган. Перс булуңу менен чулганат. Көлү көп; шор баскан жерлер да кездешет. Деңиз деңгээлинен би­йикт. 100 жден чет-жакаларында 200 лгге чейин. Түндүгүндө субтропиктик, түштүгүнө тропиктик, чөл климаты мүнөздүү. Январдын орт. температурасы Басрада 11°С, августта 34°С, жайында айрым күндөрү 50°Сге чейин ысыйт; жылдык жаан-ча­чыны 100-200 мм. Өрөөн аркылуу аккан Тигр жана Евфрат д. жазында кирип, жайында тар­тылат; сугатта жана кеме жүрүүдө мааниси зор. Субтропиктик жана тропиктик чөл өсүмдүктөрү, дарыя өрөөндөрүндө галерея токою өсөт; оазис­тер бар. Сугат дыйканчылыгы (буудай, шалы, гозо, курма пальмасы), көчмөн мал чарбачы­лыгы өнүккөн. Нефть (Киркук, Румайла ж. б.) кени бар. Ири шаарлары: Багдад, Басра (Ирак), Абадан (Иран). М. о. цивилизациянын байыр­кы очокторунан (Вавилония, Ассирия ж. б. кирген).