МЕРИДИАН КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕРИДИАН КЫРКА ТООСУ Борбордук Теңир-Тоо­до, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасында жайгашкан. Узундугу 80 кледей, Кыргызстандын аймагын­да 22 км. Эң жазы жери 40 км. Эң бийик бөлүгү Сары-Жаз суусунун алабын чыгышынан чектеп турат. Орт. бийиктиги 5000-5500 м, эң бийик жери 6800 м (Достук чокусу). Башка бийик чокула­ры: Мрамор (6637 м), Пржевальский (6276 м). Тоо түндүккө карай жапыздап, Нарынкол суу­сунун башында 4100 жди түзөт. Рельефи татаал чокулардан түзүлүп, капталдары тик жана жа­лама, этегинен кырына чейин мөңгү менен кап­талган. Тоо негизинен палеозойдун башында пайда болгон мрамор, мраморлошкон акиташ теги, кристаллдуу сланец, аларды жиреп чык­кан гранит интрузиялары ж. б. тектерден ту­рат. Структурасы жагынан Теңир-Тоодогу кыр­ка тоолордон кескин айырмаланып, меридиан багытында жайгашкан. Этеги деңиз деңгээлинен 4500 м жогору жаткандыктан, толугу менен гляциалдык­нивалдык алкакта. Батыш капталынан Түштүк Эңилчек, чыгышынан Сайкал, Темир-Суу, Түндүк сыяктуу эң ири мөңгүлөр башталат.