МЁНШИКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЁНШИКОВ Александр Данилович [6(16). 11. 1673, Москва - 12(23). 11. 1729, Сибирь губер­ниясы, Берёзов кыш. (азыркы Ханты-Манси ав­тономия округу, Берёзов шаарчасы] - орустун мамлекеттик жана аскер ишмери, граф (1703), князь (1706), генерал-адмирал жана генералиссимус (1727). 1686-жылдан Пётр 1нин жан жигити (ден­щиги). Азов казаттарында (1695-96), Улуу өкүл­дүктө (1697-98) Пётр 1ни коштоп жүргөн. 1703-жылы Ингерманландия (кийин Санкт-Петер­бург) губерниясынын губернаторлугуна дайын­далган. Санкт-Петербургду, Кронштадтты, Нева жана Свирь д-нда кеме верфтерин куруу иштерин башкарган. Түндүк согушу (1700-21) убагында ири жөө жана атчан аскерлерге кол башчылык кылып, швед аскерлерин бир нече жолу

жең­ген: 1706-жылы 18-октябрда Калишенин, 1708-жылы 2-ноябрда Батуриндин, 1709-жылы 7-майдаОпош­нянын алдында шведдерди талкалаган. 1709-жылы (27-июнда) Полтава салгылашында сол флан­ганын командачысы болгон М., генерал Росса­нын корпусун талкалап, орустардын жеңиши­не жол ачкан. 1709-13-ж. Полыпада, Курлян­дияда, Померанияда жана Голыптейнде орус ас­керлерин, 1714-жылы жылдан шведдерден тарты­лып алынган Балтика бою менен Ижор аймагын башкарган. Пётр I жокто өлкөнү башкарып турган. 1718-24 жана 1726-27-ж. Аскер коллегия­сынын президенти. Пётр I өлгөн соң Екатерина 1ни тактыга отургузган (1725, 28-январь) жана иш жүзүндө Россияны өзү башкарган. 1727-жылы 25-майда өз кызы Марияны Пётр 1нин небереси Пётр Пге алып берген. Бирок М-го каршы эски ак сөөктөрдүн (княздар Голицын менен Долгору­кийдин) түрткүсү менен Пётр II 1727-жылы 8-сентябр­да М-ду мамлекетке чыккынчылык кылды жана казынаны талоонго учуратты деп айыптап, үй­бүлөсү менен Берёзовго сүргүнгө айдаган. Анын мүлкү: 90 миң крепостной дыйкан, 6 шаары, Россия, Полыпа, Пруссия жана Австриядагы мүлктөрү ж. б. толугу менен конфискация­ланган.

Ац.: Павленко Н. И. Меншиков: полудержавный властелин. 2-е изд. М., 2005; Веспятых Ю. Н. А. Д. Меныпиков: мифы и реальность. 2-е изд. СПб., 2008.