МЕНЕЖМЕНТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕНЕЖМЕНТ (англ. management) - рынок мамилелеринин шартында ишкананы башкаруу формасынын, принциптеринин жана ыкмалары­нын жыйындысы. М-тин негизги максаты - өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатып, пайданы көбөйтүү. М-тик башкаруунун негизги концепциясы: өндүрүшкө стратегиялык план­доого ылайык мамиле жасоо, дайыма програм­малык багытта башкара билүү. М-тин негизги милдеттери: 1) чечим кабыл алуу; 2) кабыл алынган чечимди ишке ашыруу. Мында айрык­ча күтүлбөгөн жагдайда чыгармачылык менен ка­был алынган чечимдер кыйла маанилүү. М-тин негизги иш-чаралары: 1) өндүрүштөгү башкы ба­гытты жана максатты аныктоо; 2) сунушталган максатты ишке ашыруунун ыкмалары менен ме­тоддорун өндүрүшкө киргизүү; 3) жетекчилик та­рабынан белгиленген чечимдерди кыйшаюусуз аткаруу; 4) кызматкерлерди даярдоо жана жаг­дайга ылайык мезгил-мезгили менен даярдыктан өткөрүп туруу; 5) ишке ашырылып жаткан че­чимдерди дайыма контролго алуу; 6) башкаруу­нун ыкмаларын улам жаңылап өзгөртүү. М. - ишкердиктин өтө пайдалуу чөйрөсү. М-ти эң алгач Д. Рокфеллер өзүнүн «Стандарт Ойл» ком­паниясына кийирип, айгышкан конкуренция­лык күрөштө авторитардык башкаруудан баш тартып, маркетинг боюнча адистердин кенеши менен финансылык кыйынчылыктан чыккан; башка­руу чечимдери М-тин катышуусуз кабыл алын­ган эмес.