МЕЗОЗОЙ БҮКТӨЛҮҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕЗОЗОЙ БҮКТӨЛҮҮСҮ, мезозой бүктө­лүштөрү - мезозой заманында (триас, юра, бор мезгилдеринде) жер кыртышы ийилип,

тоо­лордун бийик көтөрүлүшү, магматизм процес­синин жүрүшү. Тектоникалык кыймылдар негизинен Тынч океандын жээктеринде (Чыгыш Азия, Кордильера, Анд тоолору) күчтүү кыймыл-ара­кетке келип, Тынч океан бүктөлүү аймагы ке­лип чыккан. Триас мезгилинин аягы менен юра­нын башталышында алгачкы кимме­рий (индосиний) бүктөлүүсү пайда болгон. Мында Индикытай, Иран тайпак тоо­сунун кээ бир бөлүктөрү бүктөлүүгө учураган. Соңку киммерий бүктөлүү мезгилинде (андневад, колыма, араукан бүктөлүүлөрү) Жогорку Яна-Чукча аймагы, Моң­гол-Охота, Кордильера тоосунун борбордук бөлүгү бүктөлгөн. Бул процесс юра мезгилин кучагына алган. Натыйжада Сихотэ-Алинь, Камчатка ж. а., Суматраа., Коряк тайпак тоосунун батыш тарабы бийик көтөрүлгөн. М. б. доорунда түстүү металлдар (жез, молибден, калай, вольфрам ж. б.), алтын кендери пайда болгон.

Ад.: Хаин В. Е., Балуховский А. Н. Историческая геотектоника: Мезозой и кайнозой. М., 1993.