МЕЗГИЛДҮҮ БӨЛЧӨК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕЗГИЛДҮҮ БӨЛЧӨК - белгилүү цифралар бөлчөктүн кандайдыр орунунан кийин мезгилдүү кайталануучу чексиз ондук бөлчөк. Мисалы, 2,7171 ..., 1,31818... Аны төмөнкүчө жазууга болот: 1,3(18), башкача айтканда мезгил кашаага алынат.
Тиешелүү түрдө 2 бүтүн мезгилинде 71; 1 бүтүн ондон үч мезгилинде 18 деп окулат. Мезгили үтүрдөн кийин башталса, т а з а М. б., ал эми үтүрдөн кийин мезгилдин алдына кандайдыр башка цифралар жайгашса, а р а л а ш М. б. деп аталат. Ар кандай рационалдуу сандарды ондук бөлчөктөргө айландырууда, чектүү бөлчөктү же М. б-тү пайда кылат. Ар кандай М. б-тү жөнөкөй бөлчөккө да айландырууга болот. Мезгили (9) болгон мезгилдүү ондук бөлчөктү мезгили (0) болгон мезгилдүү ондук бөлчөк түрүндө жана тескерисинче жазууга болот. Мисалы, 0,2(9)=0,3(0). Мезгили (9) жана (0) болгон мезгилдүү ондук бөлчөктөр кадимки ондук бөлчөктөрду берет: 3,4(9)=3,5; 5,48000...= 5,48.