МЕЖЕЛАЙТИС: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕЖЕЛАЙТИС Эдуардас Беньяминович (3. 10. 1919, Шауляй уезди, Карейвишкис кыш. - 6. 6. 1997, Вильнюс) - литва акыны, Литва ССРинин эл акыны (1974). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). 1939-40-ж. Каунас жана Вильнюс университеттеринде окуган. 1943-жылдан аскер кабарчысы болгон. 1954-59-ж. Литва жазуучулар союзунун секретары, 1959-70-ж. төрагасы. 1975-89-ж. Литва ССР Жогорку Советинин төрагасы. Чыгармалары 1935-жылдан жарыялана баштаган. «Лирика» (1943), «Мекендин шамалы» (1946) аттуу алгачкы жыйнактары менен лирик акын катары таанылган. «Чоочун таштар» (1957), «Жылдыздардын этегинде» (1959), «Янтардагы күн» (1961), «Автопортрет. Авиаэскиздер» (1962), «Түштүк панорамасы» (1963) аттуу ыр жыйнактарында турмушту аңдап билүүсүн терендетип, көркөм каражаттардын көп кырдуулугуна жетишкен, философиялык ой жүгүртүүсү такшалып, замандаштарынын образын элестүү тарткан. М-тин 60-жылдардагы лирикасында доор адамынын идеалы, ой-тилеги, поэтикалык концепциясы чагылдырылган. «Адам» (1961; Лениндик сыйл., 1962) ыр жыйнагынын чыгышы М-тин чыгармачылыгындагы жана бүткүл советтик поэзиядагы
маанилүү окуя болгон. Мында адамдын улуулугу, ар тараптуу жаратман кудурети, көсөмдүгү зор поэтикалык толкундануу менен берилген. «Лирикалык этюддар» (1964), «Нан жана сөз» (1965) публицистикалык ыр жыйнактарында жаш чагы жана литва адабиятынын салттары, анын келечек милдеттери жагдайында ой жүгүрткөн. Ал А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Т. Г. Шевченко, С. Я. Маршак ж. б. акындардын ырларын литва тилине которгон. Ж. Неру атындагы сыйл. лауреаты (1969). 2 Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.
Чыг.: Собр. соч. М., 1977-1979. Т. 1-3.
Ад.: Бахчинян Ф.Б. Звездная исповедь: Очерк жизни и творчества Э. Межелайтиса. Вильнюс, 1989.