МЕДИЦИНАЛЫК ЭНЦИКЛОПЕДИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕДИЦИНАЛЫК ЭНЦИКЛОПЕДИЯ - медициналык илимий маалымат берүүчү көлөмдүү басылма. Биринчи жолу Н. А. Семашконун жетекчилиги менен 35 томдуу «Болыпая медицинская энциклопедия» (БМЭ) чыгарылган (1928-36). БМЭнин 2-басылышы 1956-64-ж. жарык көргөн. 1965-70-ж. 12 томдуу «Малая медицинская энциклопедия» чыккан. 1972-74-ж. орто билимдүү медициналык кызматкерлерге арналган 3 томдуу «Краткая медицинская энциклопедия» чыгарылган. Россияда БМЭнин атайын Башкы редакциясы даярдап чыгарып келген. Ал эми Кыргызстанда Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы тарабынан 1991-жылы «Ден соолук» илимий популярдуу, бир томдук медициналык энциклопедиясы чыгарылган. Анда 1406 макала камтылып, ден соолукту сактоо жана чыңдоо, түрдүү оорулардан алдын алуу ж. б. у. с. медициналык кеңештер берилген.