МАШЫГУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МАШЫГУУ — белгилүү иште жогорку көрсөткүч­төргө жетишүү үчүн көп күч жумшала турган татаал көнүгүүлөрдү жасоо менен денени чыңдап, даярдык көрүү. Спорттук М. спортсмендерди тар­биялоого, окутууга жана тандап алган спорт түр­лөрүнөн жогорку натыйжага жетүү мүмкүнчү­лүктөрүн арттырууга багытталат. Дайыма өткө­рүлүүчү М-дан булчуңдар чоңоёт, кан менен жак­шы камсыз болуп, жүрөк жана дем алуу аппа­раттарынын иши жакшырат. Спорттук М. жыл бою жана белгилүү система боюнча өткөрүлөт.