МАШИНА КУРУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МАШИНА КУРУУ - автомобиль, курал-жарак, аспап, керектөө заттары менен коргонууга ыла­йыкталган продукция түрүнүн дээрлик барды­гын чыгарган оор ө. ж-нын тармагы; кайра өндүрүү ө. ж-нын негизги тармактарынын бири. Ушул тармак ИТПнин жана өлкөнүн коргонуу дең­гээлин, башка тармактарынын өнүгүшүн чагыл­дырат. Учурдагы М. к. өндүрүштүн өтө татаал­дашкан жана тарамдалган (дифференциациалан­ган) тармагын камтыйт. Чыгарган продукция­нын ассортименти, өндүрүштү жайгаштыруу өзгөчөлүктөрү жана технол. процесстери боюнча жалпы (экономиканын бардык тармактары үчүн өндүрүш каражаттарын чыгарууга адистешкен), транспорттук, электрондук (электр-техника менен), аспап куруу, энергетикалык курал жана ас­кер техникасы ж. б. М. к. тармактарына бөлү­нөт. М. к. ишканалары толук циклдүү жана чо­гултуучу заводдор болуп айырмаланат. 0. эле М. к. ишканалары техникалык-экономикалык өзгөчөлүктөрү боюнча металл сыйымдуу, эмгек сыйымдуу, илим сыйымдуу ж. б. да болуп бөлүнөт. Алар өз кезе­гинде оор М. к. (т. ж. транспорту, кеме куруу, авиация ж. б.), жалпы М. к., орто М. к. (авто­мобиль куруу, станок жасоо ж. б.), так М. к. (аспап куроо, радиотехника, электр-техникалык өндүрүш ж. б.), металл буюмдарын жасоо жана даярдоо (зым, мык ж. б.), машиналарды жана каражат­тарды ондоо болуп бөлүнөт. Дүйнөдө М. к. боюнча алдынкы өлкөлөргө АКШ, Германия, Япония, Кытай, Корея ж. б. кирет да, тармактын ири компаниялары - Пепега! Е1ес1гхс, (Зепега! Мо1огз, Тоуо1а Мо1ог Согрогайоп ж. б.