МАШИНА ЖАНА МЕХАНИЗМДЕР ТЕОРИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МАШЙНА ЖАНА МЕХАНИЗМДЕР ТЕОРИЯ­СЫ - машина менен механизмдин түзүлүшүн изил­дөө жана алардын схемаларын долбоорлоо ык­малары жөнүндөгү илим. Ал негизинен механизм­дер теориясы менен машиналар теориясынан ту­рат. Механизмдер теориясында бардык механизмдерге тиешелүү касиеттер изил­денет. Машиналар теориясында техниканын түрдүү тармагында колдонулуучу машиналарга тиешелүү изилдөөнүн жалпы методдору менен долбоорлоолор каралат. М. ж. м. т-нын негизги бөлүмдөрү: механизмди синтездөө, машина жана механизмдер динами­касы, автомат-машиналар теориясы. М е х а­низмди синтездөө үч этаптан турат. Биринчи этапта синтездин негизги критерийи жана чектөөчү шарт тандалат. Ар бир механизм колдонулушуна жараша формасы жана мазмуну ар кандай бир нече милдет аткарууга тийиш. Мында технол. жана констр. маселелер математикалык маселе түрүндө каралат. Экинчи этапта синтез­дин негизги критерий чоңдугун мүнөздөөчү функ­циянын анализдик туюнтулушу берилет. Негиз­ги крйтерийди тандоо механизмдин аткарган милдети менен аныкталат. Үчүнчү этапта чектөөчү шарттарды эске алып, негизги критерийди жал­пылоо менен механизмдин туруктуу параметрле­ри эсептеп чыгарылат. Механизмди синтездөөдө ЭЭМ кеңири колдонулат. Автомат-маши­налар теориясына программалуу башкаруу системаларын, ошондой эле ө. ж. роботто­рун долбоорлорун түзүү кирет. Ал М. ж. м. т-нын эң негизги бөлүмү катары 1945-50-ж. өнүгө баш­тады. Автомат-машинанын механизмдери өзүн өзү башкаруу системасы аркылуу иштейт. Алар автоматтык башкаруу системаларын түзүү менен тыгыз байланышкан. Автомат-машиналардын тиричиликтин бардык тармагында кеңири кол­донуу эмгек өндүрүмдүүлүгүн өстүрүүнүн жана акыл, оор күч эмгегинен бошотуунун бирден бир жолу болгондуктан, автомат-машиналар теория­сы чоң мааниге ээ.

Ад.: Артоболееский И. И. Теория механизмов и машин. 5-е изд. М., 2008; Теория механизмов и меха­ника машин. 6-е изд. М., 2009.