МАША: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МАША Кыдыр уулу (1900, Куршаб өрөөнү, Жалпак-Таш айылы - өлгөн жылы белгисиз) - семетейчи. Адигинеден тараган таздар уруусунан. 14 жашынан «Семетей» айта баштаган. «Семетейди» Кыдыраалы деген жомокчудан үйрөнгөн. М-дан ыр түрүндө «Семетейден» чакан эпизод жазылып алынган. Бул эпизоддо Айчүрөктүн ак куу кебин кийип учуп, баатырларды сынаганы, Чачыкейге жолукканы, шумкарын качырып жиберген Семетейдин Айчүрөктү издеп чыгып, ага кошулганы баяндалат. Эпизод кара сөз менен башталат. Эпизоддо Айчүрөк менен Семетейге байланыштуу айтылган салттык окуя негизинен сакталган.