МАХМУТОВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МАХМУТОВА Мехри (Мариям) (8. 3. 1920, Фрунзе - 25. 4. 1989, ошол эле жер) - опера ырчысы

(меццо-сопрано), Кыргыз ССР эл арт. (1946). Чыгармачылыгын 1938-жылы респ. эл чыгармачылыгынын 1-олимпиадасына катышуудан баштаган. Кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвада өткөн он күндүктөрүнө (1939, 1958) катышкан. 1940-жылдан Кыргыз опера жана балет театрынын солисти. 1941- 42-ж. Фрунзеде ачылган
Москва консерваториясынын улуттук студиясында, 1949-50-ж. Москва консерваториясын-
да окуган. М. чыгармачылыгында 41 операнын башкы партияларын, дүйнөлүк, орус, кыргыз композиторлордун ондогон ырларын, романстарын аткарган. М. диапазону кенен кооз тембрлүү үнү менен айырмаланат. Көрүнүктүү партиялары: Ажар, Чачыкей, Ороңгу (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Алтынкыз», 1937; «Айчүрөк», 1940; «Манас», 1946), Барсана (Н. Давлесов, «Аста-секин колукту», 1971) ж. б; классикалык опералардан: Кармен (Ж. Бизе, «Кармен», 1949), Ольга, Графиня, Морозова (П. Чайковский, «Евгений Онегин», 1942; «Карганын маткеси», 1950; «Опричник», 1958), Мнишек (М. Мусоргский, «Борис Годунов», 1971) ж. б. КМШ өлкөлөрүнүн ш-ларында, чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Ленин, «Ардак Белгиси», Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар менен сыйланган.
