МАХАТХИР МОХАМАД: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МАХАТХЙР МОХАМАД, Махатхир бин Мохамад Датук Сери (20. 12. 1925-жылы туулган, Хедах штаты, Алор-Сетар) - Малайзиянын мамлекеттик жана саясий ишмери. 1953-жылы Сингапур унтинин медициналык факультетин бүтүргөн. Саясий карьерасын 1946-жылы Бириккен малайзиялык улуттук уюмга кирүүдөн баштаган. 1964-69- жана 1974-жылы парламенттин мүчөсү. 1974-81-ж. билим берүү министри, 1981-2003-жылы Малайзиянын премьерминистри. М. М. премьер-министр болуп иштеп турганда Малайзия экономикасы начар өнүккөн агрардык өлкөдөн экономикасы жогору өнүккөн алдынкы мамлекеттердин катарына кошулган. М. М-дин демилгеси менен Малайзияда 1971- 90-ж. Жаңы экономикалык саясат жана 1991-2000-жылы Улуттук өнүгүү саясаттары жүргүзүлгөн. 2012- жылдын сентябрь айында М. М. Кыргызстанга келип, эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, достук байланыштарды чыңдоо жана өлкөнү өнүктүрүү иш-тажрыйбаларын кеңири бөлүшкөн.
Ад.: Доктор Махатхир Мохамад. Политик и личность. М., 2000.