МАТИЕВ Ажымат: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МАТИЕВ Ажымат (1905, азыркы Жалал-Абад обл., Сузак району, Алмалуу-Булак кыш. - 26. 8. 1991, ошол эле жер) - Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). 1930-жылы колхозго биринчилерден болуп кирип, катардагы колхозчу болуп

иштеген. 1934-37-ж. ферма башчысы, 1937-жылдан 1940-жылга чейин Сузак районундагы Алмалуу-Булак колхозунун башкармасы. Колхоздун жылкы товар фермасынын башчысы (1940-1946). 1952-60-ж. Ал­малуу-Булак айыл совети­нин төрагасы, 1960-67-ж.

колхоздо жылкы фермасы­нын башчысы болуп

иштеген. Ал башкарган колхоздун экономикасы жогорулап, малдын са­ны көбөйгөн. 1947-жылы уй көбөйтүү планы 120%, кой, эчкиники - 108,9%, жылкыныкы - 108,2% сүт тапшыруу 113%, жүн - 110%ке аткарыл­ган. Ошол эле жылы колхоздо 50 бээден 50 ку­лун алынып, аман асыралган. Эки Ленин ор­дени менен сыйланган. Сузак р-нунун борборунда бюсту орнотулган.