МИҢ-КУШ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИҢ-КУШ ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоодо. Мол­до-Тоо менен Кабак-Тоонун аралыгында, деңиз деңгээлинен 1400-3300 м бийикте жайгашкан. Узундугу 30 км, туурасы 2 км. Өрөөндүн башы Доңуз ашуу­суна барып такалат. Негизинен кеңдик багы­тында созулган. Миң-Куш кыш-нан бир аз ба­тышта түндүк-батышты карай имерилет да, төмөн жагында кайрадан кеңдик багытка өтөт. Туюк­Суунун чатынан төмөн капчыгайга айланат. Өрөөндү курчап турган тоолордун салыштырма­луу бийиктиги 1500-2100 жден ашык. М.-К. ө. Көкөмерен тибиндеги симметриялуу ичке, тар ойдуңдарга кирет. Төмөн жагында жана сол өйү­зүндө неоген-палеогендин кумдук, чопо, мергель, алевролит, юра мезгилине таандык конгломе­рат, аргиллит, көмүр кездешет. Молдо-Тоо жа­гында астынкы карбондун сланец, кумдук, аки­таш тектери, Кабак-Тоо тарабында гранит тек­тери жатат. Миң-Куш глиеж кени жана Ак-Улак көмүр кендеринин тобу бар. Климаты континен­ттик. Январдын орт. температурасы -11,8°С, июл­дуку 17°С. Жылдык жаан-чачыны 372 мм; 80% тен ашыгы жаз, жай мезгилдеринде жаайт. Негизги суусу - Миң-Куш (куймалары: Чамын­ды, Туюк-Суу, Чоң-Таш). Ландшафты экспози­циясына жана бийиктикке жараша өзгөрөт. Тес­кей тарабында сейрек карагайлуу токой жана көбүргөн-шимүүр-каз тамандуу шалбаа (2500- 3100 м), субальп, альп шалбаасы жана шалбаа­луу талаа (3100 лгден жогору) ландшафттары ээлейт. Анда-санда карагай токойлору кездешет. Капчыгайда, суу бойлорунда терек, тал, кайың, баш жагында четин өсөт. Негизинен жайыт ка­тары жана токой чарбасында пайдаланылат. Өрөөндө Миң-Куш, Сары-Булак кыш. жайгаш­кан. Мин-Куш - Чаек - Бишкек автомобиль жолу өтөт.