МИНУСА ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИНУСА ӨРӨӨНҮ, Хакас-Минуса ойД У Н У ~ Түштүк Сибирь тоолорунун арасындагы ойдуң, Краснояр крайынын түштүгүндө. Түштүгүнөн Батыш Саян, батышынан Абакан кырка тоолору, түндүгүнөн Кузнецк Ала-Тоосунун тармактары, чыгышынан Чыгыш Саяндын тармактары менен чектешет. Жери дөңсөөлүү түздүк, өрөөндөр көп. Бийиктиги 200-300 ладен 700 мте чейин. Рельефине айрым тоо массивдери жана куэста жалчалары бар түздүктөр мүнөздүү. Таш көмүр (Минуса көмүр бассейни) казылып алынат. Климаты кескин континенттик, айрым жери кургакчыл. Январдын орт. темпрасы -16°С ден -20,5°Сге чейин, июндуку 18,2- 19,6°С. Кышында абанын температурасы кээде - 52°Сге чейин төмөндөп, жайында 45°Сге чейин ысыйт. Вегетация мезгили 150-160 сутка чамасында. Жылдык жаан-чачыны 240-500 мм. Ири дарыялары - Енисей жана анын куймалары: Абакан, Оя, Туба. Көлдөр (Тагар, Туздуу ж. б.) көп. Туландуу талаа, токойлуу талаа ландшафты ээлейт. Айрдд жерлер токой массивдери (байтерек, долоно аралаш кайың токою басымдуу) менен алмашат. М. ө. - Түштүк Сибирь тоолорундагы маанилүү а. ч-луу аймак. Өрөөндө Минусинск, Абакан ш. жайгашкан.