МИННЕАПОЛИС: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИННЕАПОЛИС - АКШнын түндүгүндөгү шаар. Дүйнөдөгү эң ири дан биржасы. Миссисипи д-нын боюнда жайгашкан порт (жылына 12 миллион гжүк ташылат). Миннесота штатында. Калкы 386,8 миң (2010, Сент-Пол ш. жана шаар айланасы менен 3,3 миллион). Эл аралык аэропорту бар. Мичиган көлү жана Аскалуу тоолордун аралыгындагы а. ч. аймагынын башкы транспорт, соода очогу. Машина куруунун (ө. ж., электр-техникалык жабдууларын чыгаруучу) ири борбору. Радио-электроника, прибор куруу, нефть ажыратуу, химиялык,
кагаз, полиграфиялык, тамак-аш-татымал ө. ж. ишканалары иштейт. Миннесота университетинин башкы кампусу бар.