МИНЕРАЛ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИНЕРАЛ (латынча minera - кенташ) - туруктуу химиялык курамы жана белгилүү физикалык касиеттери менен мүнөздөлүүчү табигый зат. Жер кыртышында (же космостук телолордо) физикалык жана химиялык про-цесстерден пайда болуп, көбүнчө катуу, чанда суюк
(мисалы, накта сымап) жана газ түрүндө болот. Кристаллдуу же аморфтуу түзүлүштөн турат. Жаратылышта 4,5 минден ашуун түрү белгилүү. М-дардын пайда болушунда негизинен химиялык элементтердин бардыгы катышат. Кээ бир М. бир эле, көбү бир нече химиялык элементтен түзүлөт. М-дардын топторго бөлүнүшү химиялык элементтердин бирикмелерине, кристаллдык торчолорунун түзүлүшүнө негизделген. Жаратылышта кездешүүчү бардык М-дардын 25% ке жакыны силикаттар, 12% и кычкылдар жана гидрокычкылдар, 13% и сульфиттер, 18% и фосфаттар менен арсенаттар, 32% и башка табигый бирикмелер болуп эсептелет. М-дын формалары менен турпаттары ички түзүлүпгүнө жана пайда болуу шартына байланыштуу. Чондуктары, көлөмдөрү ар түрдүү: 1-100 лглгден 10 л«ге чейин. Сырткы формасы ички түзүлүшүнө, кристаллдашуу шартына, химиялык курамына жараша изометрлүү, кабыкча, ийне түрүндө болот. Физикалык касиеттери кристаллдык түзүлүшүнө, курамына байланыштуу. Тыгыздыгына карай женил (2500 кг/
Гипс кристаллы.

м3), орт. (2500-4000 кг/м3), оор (4000-8000 кг/м3), өтө оор (8000 кг/л«3дан жогору) болуп бөлүнөт. Механикал ы к касиеттерине катуулугу, морттугу, серпилгичтиги, жиктелиши, сынышы кирет. Оптикалык касиеттери болуп өңү-түсү, жылтырактыгы, тунуктугу, нур өткөргүчтүгү, жарыктын сынышы, кубулжуп көрүнүшү эсептелет. М-дарды минералогия илими изилдейт. М-дар эндогендик, экзогендик, метаморфогендик жолдор менен пайда болот. Эл чарбасынын бардык тармактарында пайдаланылат.
Ад.: Минералы. Справочник. М., 1960-2003. Т. 1- 5; Бетехтин А. Г. Курс минералогии. 2-е изд. М., 2010.

