МИНГЕЧАУР КӨРҮСТӨНДӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИНГЕЧАУР КӨРҮСТӨНДӨРҮ - биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктан темир доорунун башталышына че­йинки мезгилди камтыган археол. комплекс. Азербайжандагы Кура д-нын өйүз-бүйүзүндө, Мингечаур ш-на жакын жердеги Боздок тоосунда жайгашкан. Ал 19-к-дын аягынан изилдене баштаган. Археолог С. М. Казиевдин жетекчили­ги менен 1946-53-ж. казылган. 4 турак жай, 3 чон көрүстөн ачылган. Мындан табылган музыкалык аспап­тар (флейта), ЗООдөн ашуун карапа идишке коюл­ган маркумдардын сөөктөрү, чопо меш, 200дөн ашуун казанактуу көр (биздин замандын 1-8-кылым), карапа, айнек, күмүш идиштер, ар кандай сүрөт түшүрүл­гөн шакектер, алтын сөйкөлөр, темир курал­дар, кооздук буюмдар, Аршакиддердин жана грек­рим тыйындары, Сасаниддер мөөрү ж. б. та­былгалар байыркы азербайжан маданиятын, үрп­адатын билүүгө, хронол. шкаласын түзүүгө, ошол кездеги эритүүнү, карапа жасоо жана зер­герчилик кол өнөрүнүн жана жалпы эле со­циалдык жикке бөлүнүүчүлүктү изилдөөгө жар­дам берет. М. к-ндө маркумдардын аты менен ко­шо коюлушу алардын скифтик үрп-адатты колдонгондугун далилдейт. Коло саптуу кан­жар, жебенин учу, жырткычтын башы түшү­рүлгөн билериктер да кезигет. Биздин заманга чейинки 2 - биздин замандын 2-к-нда М. к-ндөгү маркумдар көлөмдүү кара­паларга салынып коюлган. Маркумдун жанын­да зергер буюмдар, шакек-мөөрлөр, кылычтар, канжарлар, найзалар ж. б. болгон. Казанактан табылган үй жаныбарларынын сөөктөрү, мөмө­жемиштердин данектери, орок, чалгы, жаргыл­чактар дыйканчылык менен мал чарбачылыгынын өнүккөндүгүн туюндурат. Мингечаур эстелик­тери Азербайжандын жана ага коңшу өлкөлөрдүн 4 миң жылдан ашык мезгил ичиндеги маданий­тарыхый жана социалдык-экономикалык өнүгүшүн изил­дөөдө эң маанилүү булак болуп эсёптелет.

Ад.: Древнейшие государства Кавказа и Средней Азии. М„ 1985.