МИКРОЭКОНОМИКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИКРОЭКОНОМИКА (микро... жанаэкономика)- экономикалык илимдин чакан масштабдуу экономикалык процесс­терди, субъектилерди (ишкана, ишкер, фирма ж. б.), кубулуштарды изилдөөгө байланышкан бөлүгү; рынок экономикасында жеке субъекти­нин мүнөзүнүн мотивациясын караган экономикалык тео­рия. Бул субъекттерге материалдык байлык өндүрүүчүлөр, тейлөө кызматында иштегендер, жек-е керектөөчү же сатып алуучулар тобу ки­рет. М-да негизги көңүл өндүрүштүн көлөмүнө жана өндүрүүчү менен керектөөчүнүн ортосундагы мамилеге (сатуу, баа, чыгым, пайда) бурулган. М. экономикалык теориянын өзүнчө багыты катары 19- к-дын аягында бөлүнгөн. Буга Л. Вальрас (Швей­цария), А. Маршалл (Англия) жана К. Менгер өзгөчө салым кошкон.