МИКОПЛАЗМАЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИКОПЛАЗМАЛАР (МоШсиШз) - клетка капталы жок, плазма мембранасы менен гана чектелген бактериялар классы. Формасы өзгөрмө, кээде жип сымал өсүндүсү бар майда, адатта кыймылсыз клеткалар. Эң жөнөкөй кокк сымал түзүлүштүү денече пайда кылуу же бөлүнүү жолу менен көбөйөт. М. - көбүнчө көп клеткалуу организмдердин клетка аралык ткандарында өсүүчү сапрофиттер же мителер. Айрымдары адамдын (өпкөнүн сезгениши), жаныбарлардын (уйдун өлөт ылаңы) жана өсүмдүктөрдүн илдетин пайда кылат. Кээ бир М. анаэробдуу бактерияларды ажыратууга жөндөмдүү.