МИКЕНАС: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИКЕНАС Юозас [30. 1 (12. 2). 1901, Ковен губерниясы (азыркы Даугавпилс району), Скардупис хутору - 24. 10. 1964, Вильнюс] - советтик скульптор, Литва советтик скульптурасынын негиздөөчүсү.

СССР эл сүрөтчүсү (1961), СССР Сүрөт Академиясынын корр. мүчөсү (1954). Каунас көркөм мектебинде (1922-31) чеберчилигин өркүндөткөн. Чыгармачылыгын формалисттик агымдардын таасиринде баштаган. Негизги чыгармалары: Нью-Йорктогу бүткүл дүйнөлүк көргөзмөнүн Литва павильону үчүн «Литва» статуясы (гипс, 1939), Кёнигсбергди штурмдоодо курман болгон советтик аскерлерге арналган «Жеңиш» скульптура тобу (коло, 1946, Калининград; СССР мамлекеттик сыйл., 1947), «Пианиночу кыз» (коло, 1958, Третьяков гал.), «Алгачкы чабалекейлер» (гипс, 1964) ж. б. Литва ССР мамлекеттик сыйл. (1966) лауреаты. Ленин ордени менен сыйланган.