МЕТАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
учурда курт сымал личинка жетилген курт-кумурскага окшобойт. Ал жетилген формасына куурчакча стадиясынан кийин өтөт. Омурткалуулардан М. миногаларда даана байкалат. Алардын личинкасы ылайда жашаса, жетилгендери балыктын жарым-жартылай митеси; жерде-сууда жашоочулардын жумурткасынан личинка - көнөк баш чыгып, М-дун натыйжасында личинка органдары жоголуп, жетилген жаныбардын органдары пайда болот. М-ду гормондор жөнгө салып турат. 2) Өсүмдүктөөсүмдүктүн негизги органдарынын онтогенезде аткарган кызматы же кызмат аткаруу шарты өзгөргөн учурда түрүн өзгөртүшү. Чөп өсүмдүктө жагымсыз мезгилде жер үстүндөгү өркүнү өлүп, тамыр-сабак, пияз-түп ж. б-га өтөт. Алар азык заттарды сактайт. Көпчүлүк учурда М-го жетилген органдар эмес, алардын бүчүрлөрү дуушарланат. Мисалы, өркүндүн айрым бөлүгүнүн жана жалбырагынын тикенге, мурутчага айлануусу. Өсүмдүктүн өөрчүшүүндөгү жашоо шартынын өзгөрүшү тигил же бул органдын функциясынын өзгөрүшүнө, ал өз учурунда органдын жаңы функцияны аткарууга ыңгайланышына алып келет. Аны кургакчыл жерде өскөн өсүмдүктөрдүн сабагы менен жалбырагынан байкоого болот. Мисалы, кактустун сабагы фотосинтездөөчү органга айланып, бууланууну азайтуу үчүн жалбырагы тикен болуп өзгөргөн. Сабагы суу топтоо функциясын аткарып, жоон жана жашыл түстө. Бадыраң, жүзүм, коондун муруттары - түрүн өзгөрткөн жалбырак. Нымдуу жана жарык жетишсиз жерде өскөн лианалардын жер үстүндөгү өркүну мурутчага (жармашкыч орган) айланган. МЕТАН, саз газ ы, СН4 - каныккан углеводороддордун биринчи мүчөсү; түссүз, жытсыз газ, кайноо I 164,5°С; эрүү I 182,5°С; түссүз жалын чыгарып күйөт, күйүү жылуулугу 11 954 ккал!кг. М. - табигый, нефтидеги кошумча газдын жана руда газдарынын негизги компоненти. Ал аба аз шартта органикалык заттардын чиришинен тынымсыз пайда болот. Ө. ж-да нефтини жана нефть продуктуларын термиялык иштетүүдөн, таш көмүрдү кокстоодо жана суутек кошуу менен алынат. Аба менен жарылгыч аралашма пайда кылат. Ал ө. ж-да жана турмуш тиричиликте отун, сырьё катары кеңири керектелет. Андан метилхлорид, метиленхлорид, хлороформ, формальдегид, күкүрттүү көмүртек ж. б. алынат. Ошондой эле аммиакты алууда суутектин булагы катары, спирт, альдегид, углеводороддорду синтездөөдө керектелүүчү суу газын жана ацетиленди алууда колдонулат.