МЕТАЛЛДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕТАЛЛДАР (грекче metallon - жерден казып алам) - кадимки шартта электр жана жылуулук өткөргөчтүгү жогору, ийилгич, иштетүүгө ий­кемдүү «металлдык» жалтырактыкка ж. б. ка­сиеттерге ээ болгон жөнөкөй заттар. Мындай ка­сиеттерге ээ болушу алардын кристаллдык торчосунда кыймылдуу эркин электрондорунун болушуна байланыштуу. Менделеевдин мезгил­дик системасындагы элементтердин 80%тен ашыгы металлдык касиетке ээ. Биринчи топ­тун башкы тобунун М-ы - щелочь М., экинчи топтун башкы тобунун М-ы (бериллийден баш­касы) щелочь жер М-ы деп аталат. Башкы топтун М-ынын валенттик электрондору ире­ти менен з, р деңгээлчелерине, кошумча топтун М-ыныкы д. деңгээлчелерине, ал эми лантано­иддер менен актиноиддердики / деңгээлчелерине жайгашат. М-дын химиялык касиеттери валенттик электрондордун атом ядросу менен начар байла­нышта болушуна шартталган. Алар оң иондор­ду жеңил пайда кылышат. Окистенүү даража­лары оң мааниге ээ. Калындыгы 10-4 мм А§, Аи жука баракчалары көгүлтүр жашыл түстө бо­лот. М-дын эң майда күкүмү кара же каралжын. Айрым М. (1п, 8(1, Вх) бөлмө температурасында морт, ал эми ысытканда ийилгич. Кадимки шартта типтүү М-дын бардыгына металлдык касиет мүнөздүү. Өтө жогорку басымда М-дын касиет­тери кескин өзгөрөт. Куймалары касиеттери боюнча металлга өтө жакын болгондуктан, металл катары каралат. М. жана анын куймалары ө. ж-да кеңири колдонулат.

Ад.: Зайцев Б. Э. Общие физические и химические свойства металлов. М., 1987; Абрикосов Атап Айтканда Основы теории металлов. 2-е изд. М., 2009.