МЁНШИКОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЁНШИКОВ Александр Данилович [6(16). 11. 1673, Москва - 12(23). 11. 1729, Сибирь губерниясы, Берёзов кыш. (азыркы Ханты-Манси автономия округу, Берёзов шаарчасы] - орустун мамлекеттик жана аскер ишмери, граф (1703), князь (1706), генерал-адмирал жана генералиссимус (1727). 1686-жылдан Пётр 1нин жан жигити (денщиги). Азов казаттарында (1695-96), Улуу өкүлдүктө (1697-98) Пётр 1ни коштоп жүргөн. 1703-жылы Ингерманландия (кийин Санкт-Петербург) губерниясынын губернаторлугуна дайындалган. Санкт-Петербургду, Кронштадтты, Нева жана Свирь д-нда кеме верфтерин куруу иштерин башкарган. Түндүк согушу (1700-21) убагында ири жөө жана атчан аскерлерге кол башчылык кылып, швед аскерлерин бир нече жолу
жеңген: 1706-жылы 18-октябрда Калишенин, 1708-жылы 2-ноябрда Батуриндин, 1709-жылы 7-майдаОпошнянын алдында шведдерди талкалаган. 1709-жылы (27-июнда) Полтава салгылашында сол фланганын командачысы болгон М., генерал Россанын корпусун талкалап, орустардын жеңишине жол ачкан. 1709-13-ж. Полыпада, Курляндияда, Померанияда жана Голыптейнде орус аскерлерин, 1714-жылы жылдан шведдерден тартылып алынган Балтика бою менен Ижор аймагын башкарган. Пётр I жокто өлкөнү башкарып турган. 1718-24 жана 1726-27-ж. Аскер коллегиясынын президенти. Пётр I өлгөн соң Екатерина 1ни тактыга отургузган (1725, 28-январь) жана иш жүзүндө Россияны өзү башкарган. 1727-жылы 25-майда өз кызы Марияны Пётр 1нин небереси Пётр Пге алып берген. Бирок М-го каршы эски ак сөөктөрдүн (княздар Голицын менен Долгорукийдин) түрткүсү менен Пётр II 1727-жылы 8-сентябрда М-ду мамлекетке чыккынчылык кылды жана казынаны талоонго учуратты деп айыптап, үйбүлөсү менен Берёзовго сүргүнгө айдаган. Анын мүлкү: 90 миң крепостной дыйкан, 6 шаары, Россия, Полыпа, Пруссия жана Австриядагы мүлктөрү ж. б. толугу менен конфискацияланган.
Ац.: Павленко Н. И. Меншиков: полудержавный властелин. 2-е изд. М., 2005; Веспятых Ю. Н. А. Д. Меныпиков: мифы и реальность. 2-е изд. СПб., 2008.