МЕНТАЛИТЕТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕНТАЛИТЕТ, менталдуулук (фр. mentalité - ойлоо мүнөзү, акыл, рухий түзүлүш) - тигил же бул адамдар тобунун (этнос, улут, эл) саясий жана социалдык реалдуулук аркылуу калыптанган өзгөчө көз карашы (акыл түзүлүшү); дүйнө көрүнүшүнүн бүтүн мүнөзүн түзгөн жана маданий салттардын, коомдоштуктун, топтун, инсандын социалдык, биол. шартталган жалпылык биримдигин бекиткен ойлоо мүнөздөрүнүн, ыкмалардын, акыл түзүлүштөрүнүн, дүйнө кабылдоосунун, рухий көндүмдөрүнүн, ишенимдеринин, жан дүйнөсүнүн бирдиктүү бүтүн жыйындысы (мисалы, кыргыз М-и, орус М-и ж. б.). М. жашоо-турмуштун бардык чөйрөсү, социалдык курамы, маданий салты менен тыгыз, эриш-аркак байланышта калыптанат. Адам өзү инсан катары маданий-тарыхый динамиканын кыйын түйшүгү менен аныкталуучу булагы жана аң-сезим жаратуучу булагы катары М-ти тынымсыз калыптандырып, өнүктүрүп турат. М. коллективдүү аң-сезимди мүнөздөйт. Бул мааниде ойлоонун өзгөчө тиби элестелет. Конкреттүү индивиддин тигил же бул кубулушка, көрүнүшкө баа берүүсүндө анын мурдагы тажрыйбасы, маанилүү айкын ойлору, кызыкчылыктары, эмоциялык эс-тутумдары таасир берет. Ошондуктан М. адамдардын табигый белгилеринен жана социалдык шартталган компоненттеринен жаралган жалпылоочу түшүнүк болуп, адамдардын жашоо-турмуш, дүйнө жөнүндөгү элестөөлөрүн даана ачып көрсөтөт. Адамдардын айлана-чөйрөнү таануу көндүмдөрү, ойлоо схемалары (өз-ара байланышкан маанилүү ой белгилери), мүнөздүү комплекстери М-те өздөрүнүн маданий рухун, интеллектуалын айкын көрсөтөт. М. коомдогу идеология, баалуулук, маданий багыттар, ички руханий абалдар, этаптар, социалдык топтор менен оң, терс мааниде ажырагыс байланышкан. Мисалы, улуттук М., бюрократтык М., тоталитардык М., антикалык М., о. кылымдык М., кайра жаралуу доорунун М-ти, капиталисттик М., социалисттик М. деп айтса болот. М. түшүнүгүнүн коомдогу, мамлекеттеги, социалдык чөйрөдөгү, рухий дүйнөдөгү орду кеңейип, мааниси, ролу жогорулоодо.
г Т. Эсенгелдиев.