МЕЛЬБУРН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕЛЬБУРН - Австралйянын түштүгүндөгү шаар. Виктория штатынын администрациялык борбору. Порт­Филлип булуңуна Ярра д. куя берген жерде жай­гашкан. Калкы Чоң Мельбурн агломерация­сы менен 4,2 миллион (2012); калкынын саны боюнча Сид­ней агломерациясынан кийинки 2-орунда. То­гуз жолдун тоому. Автомобиль жана т. ж. тү­йүнү. Төрт (анын ичинде Тулламарин эл аралык) аэро­порту бар. Шаарда дүйнөдөгү эң узун трамвай линиясы (Узундугу 250 кжден ашык) иштейт. 1835-жылы негизделген. Улуу Британиянын пре­мьер-министри лорд Мельбурндун (Мельборн) ысмынан аталган. 1847-жылдан шаар статусу­на ээ. 1901-27-ж. Австралия Союзунун борбору болгон. Порт-Филлип булуңундагы порт (жы­лына 30 миллион т жүк ташылат). Шаардын эконо­микасында тейлөө чөйрөсү басымдуу (эмгекке жарамдуу калктын 90% и эмгектенет). М. - өлкөнүн башкы ишкер жана финансы борбору. М-да Австралиянын негизги банктарынын штаб-квартиралары, баалуу кагаздар биржасы­нын бөлүмү, Австралия ишкер кеңешиниң баш­кы уюму ж. б. жайгашкан. Машина куруу, ме­таллургия, химиялык, нефть ажыратуу, текстиль,

Эурека-Тауэр небоскрёбу.

кагаз ө. ж. ишканалары иштейт. Ратуша (1867- 87), неоготика стилиндеги Ыйык Павел собору (1880-92) сакталган. Австралиянын илим, би­лим жана маданий ири борбору. ИИИлер, университеттер (анын ичинде Мельбурн, технол. ж. б.) жана анын кам­пустары, институттар (анын ичинде Король технология, нерв, рак оорулары, мээни изилдөөчү ж. б.), консер­ватория (1974), улуттук театр, Виктория улут­тук галереясы (Европанын, Азиянын, Австра­лиянын искусствосу), заманбап искусство, дизайн, край таануу жана этногр. музейлери (анын ичинде улут­тук мемориал; Австралия аборигендеринин ма­даний борбору ж. б.), театрлар бар. Шаардын борбордук бөлүгүндө көптөгөн тарыхый курулуштар (анын ичинде Ыйык Патрик неоготика собору ж. б.)

сак­талган. Король көргөзмөсүнүн имараты Карл­тон-гарденс паркы менен Бүткүл дүйнөлүк мурас­тын тизмесине киргизилген. Ботаникалык бак жана зоопарк уюштурулган. М-да 1956-жылы XVI жай­кы Олимпия оюндары өткөрүлгөн. Жыл сайын эл аралык фестивалдар (кино, музыка ж. б.), салт болуп калган спорт мелдештери болот. Туризм (жылына 8 млнго жакын турист, анын 1,4 млну чет өлкөлүктөр) өнүккөн.