МЕЛЕТИНСКИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕЛЕТИНСКИЙ Елеазар Моисеевич (22. 10. 1918, Харьков - 16. 12. 2005, Москва) - орус совет адабиятчысы, фольклорчу, мифолог. Москвадагы Философия, адабият жана тарых институтун бүтүргөн (1940). Дүйнө элдеринин мифологиясын, жомок­торун жана баатырдык эпосторун тарыхый са­лыштырма методдо изилдеген. Эмгектеринде түрк элдеринин эпостору, анын ичинде «Манас» да ке­ңири талдоого алынган. М. - «Манаста» чагыл­дырылган окуялардын тарыхый негизин кыр­гыздар менен кара кытайлардын (кидандардын) ортосундагы кагылышуу түзөт деген бүтүмдү советтик фольклористикада алгач айткандардын бири. «Манастын» жанрдык стадиялык өзгөчөлүгү, түрк-моңгол эпикалык чыгармачылыгындагы тарыхый орду «Киргизский эпос о Манасе» (История все­мирной литературы. Т. 3. М., 1985) аттуу

эмге­гинде да каралган. «Мифтин поэтикасында» мифологиянын заманбап теорияларын иликтеп, мифтин көөнө мотивдеринин көркөм чыгармачылык­ка тийгизген таасирин талдайт. АрхаикалЫк мифтерде алтай түрктөрүнүн шаманчылыгын изилдейт. СССР мамлекеттик сыйл. лауреаты 1990.