МЕЛАНЕЗИЯЛЫКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕЛАНЕЗИЯЛЫКТАР - австронезия элдеринин тобу; Меланезиянын жергиликтүү калкы. Саны 2311 миң киши (2009). Меланезия, ошондой эле англис жана француз тилдеринде сүйлөшөт. Антропол. тиби боюнча меланезиялык расага кирет. Көпчүлүгү христиан (протестанттар, католиктер) динин ту­тат, бирок М-да байыркы жергиликтүү диний ишеним­дердин калдыктары сакталган. М-дын этностук негизин австронезиялыктар жана байыркы па­пуас тилдүү калктар түзгөн. Мындан 5-4 миң жыл мурда австронезиялыктар Меланезияга оту­рукташа баштаган. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын

2-жарымында алар байыркы папуас тилдүү калктар менен аралашып, археол. маданияты өнүк­көн. 20-к-да М. улут болуп калыптанган. Не­гизги кесиби - тропиктик дыйканчылык жана балыкчылык. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Улуттук кийими - белден ылдый жамынгыч жамынып, алжапкыч, кур тагынышып, кооздуктарды колдонушкан. Тамак-ашы - негизинен өсүм­дүк, балык, кээде эт азыктары. Учурда элдик искусствосу өнүгүп, интеллигенция жана маданияты ка­лыптанган.

Салттуу кийимчен меланезиялыктар.