МЕКИРЕ СЫМАЛДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕКИРЕ СЫМАЛДАР, осётрлар - балык­тардын мекире түспөлдүүлөр түркүмүнүн туку­му. Өтмө, жарым-жартылай өтмө жана mysсуз сууда жашоочу тумшугу созуңку, тиши жок, скелети кемирчектүү балыктар. Дене Узундугу 9 м ге, салмагы 1,5 тга жетет. Денесинде узата кеткен 5 катар сөөк урчуктары болот. Көкүрөк сүзгүчтө­рүнүн алдынкы тармагы жоон тикен сымал, оозунун алдында муруту бар. 4 уруусу, 23 түрү Түндүк жарым шардын сууларында жашап, жай өсөт, 50-100 Жылга чейин жашайт. 8-10 жа­шында жыныстык жактан жетилет. Жазында, жайында өзөнгө өрдөп, икрасын суунун шагыл таштуу түбүнө таштайт. Бентофагдар жана жырт­кычтар. Бардык түрү баалуу промысел балык­тары. КМШ өлкөлөрүнүн жана Ирандын суула­рынан көп кармалат. Саны азаюуда.

Мекире сымалдар: 1 - белуга; 2 - сибирь мекиреси; 3 - тикендүү мекире; 4 - севрюга; 5 - калак тумшук балык.,