МЕЙМАНАЛИЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕЙМАНАЛИЕВ Тилек Сагынбекович [8. 9. 1951-жылы туулган, Талас обл., Киров (азыр Манас) р-ну, Покровка айылы] - кардиолог, медицина илимдеринин доктору (1987), проф. (1991). КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйл. лауреаты (1984). КММИни бүтүргөн (1975). Кыргыз кар­диология ИИИде кенже, улук илимий кызматкер (1976- 80), КММИде ассистент, ка­федра башчысы (1985-97), КРдин саламаттык сактоо

министринин орун басары (1997-99), министри (1999- 2001) 1-орун басары (2002- 05), Борбордук Азияда ИЖОСту көзөмөлдөө боюнча долбоордун аткаруучу дирек­тору (2005-10), 2010-жылдан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа бюросунда кеңешчи. КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1996). Кардиология, ички оорулар жана саламаттык сактоону уюштуруу боюнча адис. 160тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 15 монографиясы бар.

Эмг.: Профилактическая горная медицина. Ф., 1987; Об этике здоровья. Б., 1991; Высокогорная кардиоло­гия (в соавторстве). Ф., 1994; Высокогорная легочная гипертония (в соавторстве). Б., 1996.