МЕЙИЗ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕЙИЗ - кургатылган жүзүм. Ал уруксуз (кишмиш) жана уруктуу, жемиши ири, кабыгы жука, 20% тен кем эмес канты бар жүзүм сортторунан (ак кишмиш, кара кишмиш, нимранг, ризамат ж. б.) даярдалат. Жүзүм шиңгили менен (20-30 күн) кургатылат же атайын щелочтун (0,2- 0,4% түү) ысык эритмесинде бир нече секунда кармап, анан 7-10 күн же щелочтун эритмесине салгандан кийин күкүрттүү газ менен ыштап (1-1,5 с), анан көлөкөдө төрт тарабында тешиктери бар желдетилүүчү жайда 4-8 жума кургатылат. Жүзүм сортуна, даярдоо жана кургатуу ыкмасына карата М. бидана, сабза, саяки, шигани, гармиан, авлон болуп айырмаланат. М-де (кургак затына карай) 80-85% кант, 0,5-3% органикалык кислоталар, 2,3% азоттуу заттар ж. б. болот. М. кондитер жана нан бышыруу ө. ж-нда жана тамак-ашка колдонулат.