МЕДУЗАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕДУЗАЛАР - деңиз ичеги көндөйлүүлөрүнүн

Медузалар: 1 - циа­нея; 2 - корнерот; 3 - гонионема.

жыныс жолу менен көбөйүүчү мууну. Субстратка беки­ген полиптерден бүчүрлөө жолу менен пайда болуп,сууда эркин сүзүп жа­шайт. Денеси ту­нук, килкилдек. Формасы чатыр же коңгуроого ок­шош, диаметри бир нече .м.иден 2,3 лгге чейин. Чатыры­нын четинде Узундугу 30 мге жеткен тинтүүрлөрү жана сезгич органдары жайгашкан. Оозу денеси­нин төмөн караган жагынын орто жеринде. Ча­тырчасындагы сууну күч менен сыртка түртүү ар­кылуу кыймылдайт. Кээ бир М. кыймылсыз, ордунан жылбай деңиз түбүндөгү субстратка бе­кип жашайт. Жыныс бези карынга жакын жай­гашкан, анын бөлүп чыгарган заттары түз эле сууга чыгарылып, сууда уруктанат жана өсөт. Планктон организмдери менен азыктанат. Кебе­теси жана мааниси жагынан бир нече топко бөлүнөт. Кээ бир М-дын сайгыч клеткалары де­неге тийсе ачыштырат.