МВАНЗА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МВАНЗА - Танзаниянын түндүк-батыш бөлүгүндөгү шаар. Мванза облусу администрациялык борбору (1963- жылдан). Виктория көлүнүн түштүк жээгинде жайгашкан. Калкы 581,2 миң (2010; калкынын саны боюнча өлкөдөгү Дар-эс-Саламдан кийинки 2-шаар). Ири жол тоому. Виктория көлүндөгү порт (Танзания, Уганда жана Кениянын көл порттору менен т. ж. парому аркылуу байланышат). 1892-жылы негизделген. 1-дүйнөлүк согушта Британия аскерлери басып алган (1916). 1920-жылдан Танганьиканын (Улуттук Лиганын мандаты менен башкарылган, 1946-жылдан БУУнун камкордугуна алынган аймак; 1961-жылдан көз каранды эмес өлкө) курамында. 1920-жылы шаардын айланасынан алтындын кору табылган. 1928-ж Табор ш. менен т. ж. байланышы ачылган. Тоо кен казуу (алтын) жана ири а. ч. районунун (негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү - жүгөрү, маниок, батат, ак жүгөрү; гозо, тамеки, кофе дарагы өстүрүлөт; мал багылат; сыртка пахта, тамеки, кофе, тирүү мал чыгарат) соода-бөлүштүрүүчү борбору. Транспорт контейнер өндүрүшү, текстиль, булгаары - бут кийим, тамак-аш (ун ж. б.) ө. ж ишканалары иштейт. Самын кайнатылат. Балык кармалат жана беленделет. Улуттук медицинаны изилдөөнүн илимий борбору (1960), университет,.коллеждер (бизнес, саламаттыкты сактоо), калк китепканасы (1935), маданий борбору жана сукуми элинин музейи (1968) бар. Туризм өнүккөн.