МАТЕРИАЛДЫК ӨНДҮРҮШ ЧӨЙРӨСҮ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МАТЕРИАЛДЫК ӨНДҮРҮШ ЧӨЙРӨСҮ, м атериалдык ө н_д ү р ү ш - материалдык баалуулуктарды өндүрүп, аны керектөөчү жактарга жеткирүүчү өндүрүш тармактарынын жыйындысы; материалдык заттарды, зат баалуулуктарын өндүрүү жана материалдык тейлөө (жүк ташуу ж. б.), курулуш-монтаждоо, ондоо ишчараларын ж. б. жүргүзүү. Ал өндүрүш, а. ч., токой жана суу чарба, курулуш, жүк транспорту, байланыш, соода, коомдук тамактануу, материалдык-техникалык камсыздоону камтып, коомдун жана адамзаттын керектөөлөрүн кандайдыр бир деңгээлде канааттандырат. Антропогендик факторлордун натыйжасында М. ө. ч. көптөгөн табигый процесстердин бузулушуна, жердин деградацияга кабылышына, абанын жана суунун булганышына алып келүүдө. Ошондуктан М. ө. ч-н көзөмөлдөө зарыл, к. Өндүрүш.