МАТЕРИАЛДАР КАРШЫЛЫГЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:01 учурдагы соңку нуска
МАТЕРИАЛДАР КАРШЫЛЬПЫ - курулмалар менен машина бөлүктөрүнүн, тетиктеринин бекемдиги жана деформацияланышы жөнүндөгү илим. Катуу нерселер сырткы күчтүн таасиринен деформацияланып, микробөлүкчөлөрүнүн жайгашуу абалы өзгөргөндүктөн, аларда ички чыңалуу пайда болот. М. к. материалдын дал ошол чыңалууга болуучу каршылыгын изилдейт. М. к-н изилдөөдөгү негизги объект - нерсенин өзөгү (стержень) жана пластинкасы. М. к. теориялык механиканын закондору боюнча аныкталат. Материалдын бышыктыгы менен деформацияланышын баалоочу физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү (агуучулук, бышыктык чектери, серпилгичтик модулу ж. б.) сынагыч машиналар жана атайын өлчөгүч прибор - тензометр менен аныкталат. Материалды чоюп, толгоп, кысып сынайт. Сыноонун негизинде чоюу-кысууга карата диаграмма түзүлөт. Сыноо диаграммасы менен М. к-н эсептөө ыкмаларын пайдаланып, берилген материалдан жасалган констр-нын (жөнөкөй, татаал) тетиктеринин бышыктыгын алдын ала айтууга болот. М. к-нын азыркы убактагы негизги маселелери - материалдардын талкалануу шартын жана себебин аныктоо, нерсенин микрокөлөмүндө болуучу кубулуштарды изилдөө, жараканын пайда болушун жана чоноюп кетишин билүү. Азыр констр. жаны материалдар пайда болгондуктан, М. к-нын алдына ошол материалдардын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүчү бышыктык теориясын түзүү милдети коюлган. Машиналар, курулмалар ж. б. констр-дын бышыктыгын жана катуулутун эсептөө М. к-нын практикалык мааниси болуп эсептелет.
Ад.: Феодосеев В. И. Сопротивление материалов. М., 1999, Старовойтов Э. И„ Сопротивление материалов. М., 2008.