МАМЛЮКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:01 учурдагы соңку нуска

МАМЛЮКТАР (арабча эрксиздер) - Египеттеги түрк, грузин, черкес ж. б. кавказдык аскер-кулдар­дан куралган гвардия. 1250-жылы Айюбиддерди кулатып, бийликке келген. М. Бахри (көбүнчө түрк тектүүлөр, 1250-1390-жылы башкарган) жана Буржи (негизинен кавказдыктардан турган, 1390-1517-жылы башкарган) династияларынан тур­ган. 13-к-да М. моңголдорду (1260-жылы 3-сентябр­да Айн-Жалут алдындагы салгылашта), исмаи­лит-ассасиндерди талкалап (1273), Палестина менен Сириядан кресттүүлөрдү сүрүп чыккан (1268). 1516-17-жылы түрк султаны Селим 1нин аскерлери Сирия, Египет жана Палестинаны басып алып, М-дын үстөмдүгүн жойгон. Түрк каратуулары­нан кийин М. Каирдеги түрк пашасына салык төлөп турган. 17-к-дын аягында Осмон империя­сынын начарлашынан пайдаланып, М. өз бий­лигин калыбына келтирген. 1798-жылы М. пира­мидалардын жанында болгон салгылашта На­полеондун армиясынан жеңилип, Египет паша­сы Мухаммед Алинин (1805-48-жылы башкарган) тушунда кыйраган (1811).