МАСУДИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by one other user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:01 учурдагы соңку нуска
МАСУДИ, Абу-л-Хасан Али ибн ал-Хусейн алМасуди [болжол менен 896, Багдад ш. - сентябрь, 956, Фустат (азыркы Каир)] - о. кылымдардагы араб тарыхчысы жана географы. Биринчи жолу тарых жана география илимдерин бириктирип, көлөмдүү эмгек жазгандыктан, «арабдардын Геродоту» аталган. Иран, Индия, Түндүк Африка, Орто Азия, Азербайжан аймактарын кыдырып чыккан. Кээ

бир изилдөөчүлөр аны Кытай менен Цейлондо да болгон деп болжолдошот. М-нин бизге чейин 30 томдуу «Муруж аззахаб ва ма’адин ал-жавахир» («Алтын чайкоочу жаилар жана кендер») тарыхый-географиялык, жана «Китаб ат-танбих ва-л-ишраф» («Насаат жана байкоо китеби») географиялык эмгектери жетип, анда түрк элдери тууралуу бир катар маалыматтар калган.
Ад.: Микульский Д. В. Арабский Геродот. М., 1998, его же. Арабо-мусульманская культура в сочинении ал-Масуди «Золотые копи и россыпи самоцветов»: X век. М., 2006.