МАССАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ (ММК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАССАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ (ММК), массалык коммуникация каражатта­ры, масс-медиа - маалымат таратуу каражат­тары. ММК массалык коммуникация үчүн пай­даланылат жана чоң аудиторияга арналгандыгы, жалпы жетимдүүлүгү, маалымат даярдоонун жана таратуунун корпоративдүүлүгү (ар бир ММК­нын өз чыгаруучусу бар) менен мүнөздөлөт. 20- к-дын башында пайда болгон техникалык каражаттар ММКнын - эң көп тиражы менен басылган басма сөздун, кинематографтын, жалпы улуттук ра­диоуктуруунун, кийин телекөрсөтуунун, интер­нет медиа ресурстарынын пайда болушуна алып келди. ММК масса үчүн дүйнөлүк кабарларды билүүнүн булагы болуп, адам көңүлүн жубатуу, алаксытуу, бош убакытын толтуруу менен социал­даштырууда жана билим берүүдө зор роль ойно­гон. Коомду мобилизациялоодо, үгүт жүргүзүп жана коомдун пикир түзүүдө да ММК зор мааниге ээ. 20-к-дын 2-жарымында ММК системасы мас­салык коммуникацияны камсыз кылуу менен массалык маданиятты калыптандырды жана таасир тийгизүүнүн коммерциялык жарнама, саясий «пиар» ж. б. түрлөрүнө эбегейсиз мүмкун­чүлүктөрдү берүү менен коомдук башкы саясий жана экономикалык институттарына айланды. ММКнын түрлө­рү: мезгилдүү басылмалар (гезит, журнал ж. б.), электрондук маалымат каражаттары (радио, телекөрсөтүү, интернет); кинематограф, үн жана видео-жазуулар; видео жана телетекст, жарнама учүн тузүлүштөр ж. б. Кыргызстанда ММК ишмерди­ги КРдин «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгу» мыйзамына (1993) ылайык жүргү­зүлөт. «Кыргыз туусу», «Эркинтоо», «Де-1ас1о», «Замандаш» ж. б. гезит-журналдар чыгат. КТРК, ЭлТР, «Пирамида» ж. б. телекөрсөтүү компаниялары, «Биринчи радио», «Кыргыз ра­диосу», «Кыргызстан обондору», «Санжыра» ж. б. радиостанциялар иштейт. Интернет кеңи­ри таралууда. Дуйнөлүк белгилүү маалымат агенттиктери: Ассошэйтед пресс, Интерфакс, Итар-ТАСС, Рейтер, РИА, «Новости», Синьхуа ж. б. Кыргызстанда «Кабар» (КирТАГ), Аки-Пресс, 24 к& ж. б. агенттиктер иштейт.

Ад.: Кузнецов В. Г„ Цвик В. Л„ Юровский А. Я. Телевизионная журналистика. М., 2005; Лукина М. М. Интернет-СМИ. Теория, история, практика. М., 2010; Мартынов Д. В„ ОсъкинА. В. Интернет и пресса. М., 2010; Шепилова Г. Реклама в СМИ. История, технология, классификация. М., 2010; Солганик Г. Язык СМИ и политика. М., 2012. С. Толвгонова.