МАРИАНА АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАРИАНА АРАЛДАРЫ - Тынч океандын борбордук бөлүгүнүн батышындагы аралдар тобу, Микро­незияда. 15 ири (Гуам, Рота, Сайпан ж. б.) жана бир нече майда аралдан, рифтен турат. Аянты 1,1 миң км2ден ашык. Калкы 170 миндей (2005). Гуам а. - АКШнын ээлиги, калгандары Тынч океан аралдары менен бирге БУУнун көзөмөлүндө болуп, АКШ башкарат. Сайпан а-нда администрациялык борбо­ру жана башкы порту - Хагатна (Аганья) жай­гашкан. Аралдар жанартоо жана шуру рифтери­нен пайда болгон. Аракеттеги жанартоолору да бар. Жер титирөө жана тайфун тез-тез болуп ту­рат. Бийиктиги 965 ледей. Климаты тропиктик, пас­саттык. Январдын орт. температурасы 20°С; июлду­ку 27°С. Жылдык жаан-чачыны 1800-2100 мм. Тоолорунун түштүк жана чыгыш капталдарына да­йыма жашыл тропик токою, түндүгүнө ксеро­фиттүү дан өсүмдүктөрү өсөт, бал камыш, кокос пальмасы, банан, пахта жана цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. М. а. 1521-жылы Ф. Магелан тарабынан ачылган. Испаниянын королу Филипп 1Унүн аялынын атынан аталган. Туризм өнүккөн.