МАРВАЗИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАРВАЗИ Шараф аз-Заман Тахир (1056-1120) - сельжук султандарынын табыбы, энциклопедист-илимпоз. М-нин өмүр баяны тууралуу маалымат калган эмес. Мерв шаарында туулган деген божомол бар. «Таббаи ал-Хайаван» («Жаныбарлардын табияты») аттуу китептин автору катары белгилүү. Ал китеп негизинен зоология илимине арналып, анын ичинде ар кайсы өлкө (мисалы, Мавераннахр, Хорезм) жана элдер [мисалы, огуз (гузз), түркмөн, кыргыз, ягма, карлук ж. б.] жөнүндө бир аз маалымат берилген. Анда түрктөр ар
кандай уруу, уруктарга бөлүнгөнүн, анын бири огуздар болуп, алар 12 уруудан турганын, ислам динин кабыл алган түрктөр «түркмөндөр» деп аталып калганын, ислам динине киргендердин саны өсүп, акыры алар беркилерди сүрө баштаганын, кээ бир уруулар (мисалы, сары) сүннөткө отургузуу адатынан коркуп, көчүп кетишкенин жазган. Бирок анын эмгегинде кээ бир уруулардын этностук-саясий мамилелери (мисалы, кун менен каилердин кыпчактарды сүрүшү) жөнүндөгү маалыматтар тууралуу карама-каршы пикирлер кезигет. М. боюнча огуз-кыргыздар Мавераннахр менен Хорезмдин (Хуварезм) талаа-чөлдөрүндө жашап, көп сандуу болушкан, кимактар болсо алардын түндүгүндө жашаган. Мындан тышкары автор кыргыздардын диний көз карашы тууралуу да бир аз маалыматтарды берген.
Ад.: Ахинжанов С. М. Кыпчаки в истории средневекового Казахстана. А., 1989; Кляшторный С. Г., Султанов Т. И. Государства и народы евразийских степей. Древность и средневековье. СПб., 2000; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Т. Джуманалиев. Т. 1. Б., 2007. Т. Асанов.