МАО ЦЗЭДУН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАО ЦЗЭДУН (26. 12. 1893, Хунань провинциясы, Сянтань уезди, Шаошань кыш. - 9. 9. 1976, Пекин) - Кытайдын саясий жана мамлекеттик ишмери. 1918-жылы Чанша шаарында педагогикалык окуу жайын бүткөн. 1918-19-жылы Пекин университетинин китепканасында иштеген. 1920-жылдары коммунисттик ийримдерге кошулган. 1921-жылы Кытай коммунисттик партиясынын (ККП) 1-съездинин ишине катышкан. 1923-25-жылы жана 1928-жылдан ККП БКнын Саясий бюросунун мүчөсү. 1927-жылы Цзинганшань тоолуу районунда (Хунань жана

Цзянси провинцияларынын ортосунда) Чжу Дэ ж. б. ККПнын ишмерлери менен бирге революциялык таяныч базасын
түзгөн. 1928-жылы Кытай Кызыл армиясынын 4- корпусунун саясий комиссары болуп дайындалган. 1931-жылы Жуйцзинде (Цзянси провинциясы) өткөн советтик райондордун өкүлдөрүнүн Жалпы кытайлык 1-съездинде Кытай Респ-нда БАКтын жана ЭКСтин төрагасы болуп шайланган. 1933-жылдан ККП БК Саясий бюросунун мүчөсү. Анын улутчулдук умтулуулары ошо кезде эле байкалган. 1935-жылы январдан ККП БКнын Секретариатынын курамында. 1943-жылдан ККП БКнын, 1949-жылдан КЭРдин Борбордук элдик өкмөт советинин жана КЭРдин Элдик революциячыл аскер советинин төрагасы. 1954-59-жылы КЭРдин жана КЭР Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы. 1966- 76-жылы М. Ц. өз бийлигин бекемдөө үчүн маданий революция жүргүзүп (к. Кытайдагы «маданий революция»), Кытайдын өнүгүшүнө терс таасир тийгизген. ККПнин 9-съезди (1969) кабыл алган Уставда «Мао Цзэдундун идеялары» партиянын идеол. негизи, М. Ц. ККПнин түбөлүк жетекчиси деп жарыяланган. ККПнин 10-съезди (1973) аны ырастаган. 1950-жылдардын аягынан М. Ц. улуу державалык гегемонизм, антисоветизм, социалисттик кызматташтыктын жана дүйнөлүк коммунисттик кыймылдын ыркын бузуу, марксизмди ревизиялоо саясатын жүргүзгөн.