МАНГЕЛЬДИН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАНГЕЛЬДИН Рустамбек Султанбекович (23. 10. 1935, Смоленск ш. - 3. 7. 1993, Бишкек) - гидрогеолог, геология-минералогия илимий доктору (1988), профессор (1991), Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1987). Ташкенттеги Орто Азия политехника институтун бүткөн (1959). «Кыргыз суу чарба долбоорлоо мамлекеттик институтунда» инженер (1959-62), Кыргыз комплекстүү гидрогеол. экспедициясынын Ош партиясынын башкы гидрогеологу, экспедициянын начальниги (1962-93). Ал 40тан ашуун илимий эмгектин, 4 окуу куралынын ж. б. автору. Илимий эмгектери негизинен жер астындагы тузсуз жана термоминералдык сууларды издөө, чалгындоо иштерин уюштурууга арналган.
Эмг.: Подземные воды. Геология СССР. Т. XXV. Кирг. ССР. Кн. 4. М., 1977; Ресурсы пресных подземных вод внутри горных впадин Тянь-Шаня. Б., 1991.