МАМЫТОВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЫТОВА Дамира Амановна (21. 6. 1957- жылы туулган, Фрунзе) - а. ч. илимдеринин доктору (1999). СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун география факультетин бүтүргөн (1980). 1980-87-жылы Кыргыз ССР ИАнын Сейсмология институтунда улук инженер, СССРдин А. ч. министрлигинин Жер ресурстары мамлекеттик ИИИде кенже илимий кызматкер (1987- 91), Кыргыз ССР ИАнын Биология институтунун
токой бөлүмүндө улук илимий кызматкер (1991-99), ошол эле мезгилде 1992-94-жылы К. И. Скрябин атындагы КАЧИде окутуучу, 1999-жылдан КР УИАнын Биология-топурак таануу институтунда жетектөөчү илимий кызматкер. Илимий багыты - генезистер жана картография, агроөндүрүштүк топтоштуруу, топурак-географиялык жана табигый-а.ч-лык райондоштуруу, топурактын азыркы акыбалын изилдөө, топурактын экол. туруктуулугун жана топурактын биол. кунардуулугун сактоо жана жогорулатуу боюнча. Анын бОтан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монография, 2 методикалык көрсөткүч, 17 картогр. материалдары жарык көргөн.
Эмг.; Природно-сельскохозяйственное районирование Кыргызстана. Б., 1992; Систематический список почв КР (в соавторстве). Б., 1994.