МАМЫР ЧӨП: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЫР ЧӨП, эдельвейс (ЬеопЪоросНшп) - өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Көп жылдык өсүмдүк, бийиктиги 5-15 см. Топ гүлү - себетче же жарым чатырча (кээде себетчеси жалгыздан). Түктүү чоку жалбырактары жылдыз сымал көрүнүштү түзөт. Кээ бирлери сабаксыз же сабагы жалбыракка айланып кеткен. Жалбырактары түрдүү формада, түктүү
жана түксүз. Анын ЗОдай түрү Евразияда таралган.

КМШ өлкөлөрүндө Юдой түрү Ы. Чыгыш, Сибирь, Орто Азия жана Карпатта кездешет. Альпы М. ч-ү кеңири белгилүү. Анын аппак, калың түктүү чоку жалбырагынан пайда болгон «жылдызы» абдан кооз өсүмдүк, азайып бараткандыктан,
коргоого алынып, Кыргызстандын Кызыл китебине катталган. Кыргызстандагы 4 түрү Теңир-Тоо жана Алай тоо кыркаларында учурайт.