МАМЫР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЫР Мерген уулу (архив документтеринде Миргиниев) (туулган жылы белгисиз - 25. 1. 1879, Анжиян ш.) - Кокон хандыгына каршы чыккан көтөрүлүштүн (к. Кокон көтөрүлүштөрү, Искактын көтөрүлүшү) жетекчилеринин бири. Мундуз уруусунан (к. Сол канат). 1873-жылы жаз айында Эки-Суу (Кара-Дарыя - Сыр-Дарыя) аралыгындагы, Көгарт өрөөнүндөгү жана Сузак - Өзгөн аймактарында жашаган кыргыз урууларын Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө үндөгөн. Алгач ЖалалАбад, Ханабад кыш-н, кийин Өзгөн ш-н алышкан. Көтөрүлүштү басуу үчүн Кудаяр хан өзү аттанган. Натыйжада курал-жарагы начар көтөрүлүшчүлөр чегинип, бир тобу Тогуз-Торо, Кетмен-Төбө өрөөндөрүнө өтүп кеткен. 1873-74-жылы М. Алай, Кашкар жана Кара-Кулжа тарапка келип, ал жактагы кыргыздарды көтөрүлүшкө тартууга, ошондой эле Россия империясынан да колдоо алууга аракет кылган. 5-6 миң кишиден турган көтөрүлүшчүлөр Коргонбардан сепилин алып, Анжиян ш-на чабуул койгон. Бирок 2000 сарбаздан турган жазалоочу кошуундан жеңилүүгө дуушар болуп, М. Нарын өрөөнүнө качып кеткен. Кокон ханынын өтүнүчүнө байланыштуу 1874-жылы 15-июлда кармалып, Токмок уездинин башчысынын буйругу менен Лепси уездинде (Казакстан) камакка алынып, 1877-жылы Анжиян уездине кайтарылган. М. кийинчерээк орус бийликтерине да каршы күрөшүүгө аракеттенген. 1878-жылы жазында Жетим хан (Кудаяр хандын алысыраак тууганы) менен бирге Ош, Анжиян, Кокон уезддерин кыдырып, орус бийлигине каршы элди көтөргөн. Орус аскери Жетим хандын бул тобун талкалаганда (1878, июнь), М. баатырларча кармашып, качып кетүүгө үлгүргөн, бирок 8-сентябрда Болот, Наркул аттуу жигиттери менен бирге колго түшүп, 1879-жылы 18-январда Анжиян шаарында дарга асылган.