МАМЛЕКЕТГИК КАРЫЗ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЛЕКЕТГИК КАРЫЗ - юридикалык жана физикалык жактарга, чет өлкөлөргө, эл аралык уюмдарга (сырткы карыз) ж. б. кандайдыр мөөнөт аралыгында өлкөнүн жабылбаган карыз милдеттенмелеринин жалпы суммасы. М. к. ар кандай себептер (долбоорлорду ишке ашыруу ж. б.) менен алынат. Дүйнөдө тышкы карызы чоң өлкөлөргө АКШ (9 триллион доллар), Улуу Британия (7 триллион доллар), Германия (3 триллион долларга жакын), Франция (3 триллион долларга жакын), Япония (1,5 триллион доллардан ашуун), Россия (38 миллиард доллардан ашуун) кирет. Бүгүнкү күндө КР мүмкүн болушунча ички карызды (эмгек акы, пенсия, жөлөк пул ж. б.) өз убагында жапканга аракет кылууда, ал эми тышкы карызы жалпы жонунан 2 миллиард 709 миллион 847 миң долларды (2011) түзөт. Анын ичинен ири карыз берүүчүлөрү Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (684 миллион 230 миң доллар), Япония (338 миллион 945 миң доллар), ЭВФ (175 миллион 526 миң доллар), Кытай (151 миллион 127 миң доллар) ж. б.