МАМИН-СИБИРЯК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАМИН-СИБИРЯК (чын фамилиясы - Ма­мин) Дмитрий Наркисович [25. 10(6. 11).1852, Пермь губерниясы, Висим - 2(15). 11. 1912, Санкт-Петербург] - орус жазуучусу. 1868-72-жылы

Пермь диний семинария­сында окуган. 1871-жылы Пе­тербург медициналык-хирургия ака­демиясына кирген, бирок аны бүтпөй, Петербург ун­тинин укук факультетине

котору­луп, каражаты жоктугунан аны да уланта алган эмес. Чыгармалары 1875-жылдан жарыяланган. Жазуучунун талантынын жетилишине, көз карашынын калыпта­нышына 60-80-жылдардагы демократчыл фи­лософия менен революциялык кыймыл таасир эткен. Ал таасирдин белгилери «Приваловдун мил­лиондору» (1883), «Тоодогууя» (1884), «Маани­сиз бакыт» (1884), «Үч түйүн» (1890), «Ак ал­тын» (1892), «Нан» (1895) романдары менен «Си­бирь аңгемелери» сыяктуу аңгеме, очерк, повест­теринде 19-к-дын 2-жарымында Урал менен Си­бирде жашаган адамдардын турмуш-тиричили­гин, кулк-мүнөзүн реалисттик планда чагылдыр­ган. Анын балдар үчүн жазган чыгармалары өспүрүмдөрдүн жан дүйнөсүн дыкат чечмелеп бер­гендиги менен бааланат. Анын айрым чыгарма­лары кыргыз тилине которулган («Ак алтын», 1972, С. Бөлөкбаев ж. б.).